Ачыктык
Окуу китептерин ижарага берүү жана таратуу процесстерин түшүнүктүү, ачык жана көзөмөлдүү кылабыз.
Онлайн сервистер

Биз жөнүндө
Республиканын билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү стандартынын заманбап талаптарына жооп берген окуу китептери менен камсыздоо билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.
Окуу китеби — окуучулардын көндүмдөрүн жана компетенцияларын калыптандыруучу негизги каражат. Окуу адабияты менен камсыз болуу деңгээли окуучулардын жетишкендигине түз таасир этет.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басмасы мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №48 токтомун аткаруу максатында 2024-жылдын 5-февралында түзүлгөн.
Мекеме Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын окуу китептери менен камсыздоону жакшыртуу жана жаңы окуу китептерин өз убагында чыгарууну туруктуу каржылоо үчүн ижара каражаттарын топтоо максатында түзүлгөн.

Байланыш
Биз менен байланышыңыз же иш убактысында басма үйүнүн кеңсесине келиңиз.